Кара-Сууда 160тан ашуун тыюу салган уюмдун мүчөсү бар
Азгырган диний уюмдар
Азгырылгандар өзгөчө Кара-Суу, Араван жана Ноокатта көп.
Кара-Суу шаарынын тургуну Абдуллох Казакбаев тыюу салынган уюмдардын торуна чалынгандардын бири. Айтымында 2014-жылы Туркияда эмгектенген достору телефон аркылуу байланышып, Кыргызстандагы тааныштарына өз үйүндө жашап турууну суранышат. Ал адамдар үйүндө жүргөндө укук коргоо органдары кылмышка шектүү деп Абдуллахты кошо кармап кетишкен.

-Мага тааныштарым Түркиядан чалышып, силерге адамдар барышат. Батириңерге 2 күн түнөтүп тургула дешти. Алар менин үйүмдө жашап турганда атайын кызматтагы адам келип кармап кетишти. Мен алардын Сирияга бара турганын билген эмесмин.

Абдуллох Казакбаев
"Диний экстремисттик уюмга аралашканымы билген эмесмин"
-Түркияда бизден суранган балдар да Кара-Суулук. Абдуллох экөөбүз аларга жардам бергенбиз. Чынында Түркиядагы биздин жердеш балдар Сирияга адам чакырып жатканын билген эмесмин.
Ошол эле Кара-Суунун дагы бир тургуну Улугбек Токтобаев терроризмге шектелип кармалган. Улугбекке дагы Абдулох сыяктуу согушчандарды жашырган деген кине коюлуп, соттолду. Азыр ал эки жылга шарттуу кесилген.


Абдуллох менен Улукбек тыю салынган уюмдарга азгырылганын моюнга алышпайт. Бирок аймактагы күч органдары алардын байланышканын далилдеп, колго түшүргөнүн билдиришет. Улуттук коопсуздук кызматынын жана Кара-Суу милициясынын 10-бөлүмүнүн берген маалыматына ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунда тыюу салынган диний агымдарга азгырылгандар салыштырмалуу көп. Андыктан соңку кездери аймакта экстремизм жана терроризмге каршы түрдүү иш-чаралар өтүп турат. Кара-Суу районунун ИИБнин экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башчысы Омошев Руслан билдиргендей, райондун Кашкар-Кыштак жана Нариман айылдарынан согуш талаасына кеткендер басымдуулук кылат.

Руслан Омошев
Кара-Сууда коркунучтуу уюмдарга мүчө болгондордун саны өсүп жатат.

Диний азгырыктарга каршы иш чаралар
Эң коркунучтуу «Хизб ут-Тахрир» уюмуна мүчө болгондордун саны 161ге жетти. Ал эми «Йакын-Инкар» уюмуна да кошулгандар кескин түрдө өсүп жатат. Быйыл буга 11 адам кошулган.
Руслан Омошев, Кара-Суу районунда тыю салынган агымдардын мүчөлөрү тууралуу айтып берди
-Бул жаатта тыкыр иштер жүргүзүлүүдө. Бул иш-чара жаштардын экстремисттик агымдарга кошулуусун алдын алуу үчүн уюштурулду. 2017-жылы 238 адам Сирияга кеткени аныкталган. Быйылкы жылдын 3 айында дагы бир факты белгилүү болду. 2015-жылы Москвада иштеп жүрүп Түркия аркылуу Сирияга кеткен 4 жаран аныкталган. Сирияга кеткендердин ичинен 48 өспүрүм ата-энеси менен барган. 242 жарандын ичинен 27 адам Кыргызстанга кайтып келген. Алардын негизги бөлүгү эмгек мигранты катары Орусияга иштегени барып, андан ары Сирияга өтүп кеткендер болуп эсептелинет. Кайтып келген 27 адамдын ичинен 16сы абак мөөнөтүн өтөп бүткөн. Алардын арасында 3 өспүрүм бар. Ал эми Сарай айыл өкмөтүнөн Сирияга кеткендердин саны 24 адамды түзөт. Алардын ичинен кайтып келгендер жок.
Укук коргоо органдары Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат жана Араван райондорунда экстремисттик уюмдарга кошулгандар көбүрөөк экенин билдиришет. Мындан улам райондун борборлорунда тынымсыз экстремисттик,террористтик уюмдар тууралуу тушүндүрүү иштери жүргузулөт. Соңку бир ай ичинде Кара-Суу райондунда окуучулар катышкан 2 ирет жөө жүруш өттү.
Соңку бир ай ичинде Кара-Суу райондунда окуучулар катышкан 2 ирет жөө жүруш өттү.«Биз терроризмге каршыбыз!», «Бизге тынчтык керек!», «Келечек ыймандуу жаштардын колунда!» ураандары менен 800гө жакын окуучу жөө жүрүшкө чыкты.


«
Жөө жүрүшкө Сирияда согушуп жүргөн балдардын ата-энелери да катышты.
Сарай айылынын Кең-Сай айылынын Ибадат аттуу аялдын уулу 3 жыл мурун дайынсыз жоголгон. Ага уулу Сирияда экенин УКМКдан кабарлашкан.

-Биз уулумдун кайсыл жакка кеткенинен кабарыбыз жок эле. Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү келип, уулум Сирияда экенин айтышты. Анын кеткенине 2-3 жыл болуп калды. Уулум 24 жашында жоголгон. Ал кеткенден кийин 1 жыл ооруп, төшөктө жаттым. Уулумдун бул жакта жубайы, 3 баласы бар. Намаз окучу эле, бизге телефон чалып Түркияда экенин айткан. УКМКдан анын Сирияда жүргөнүн билгенден кийин бизге эки жолу телефон чалып, бирок аны менен сүйлөшкөн жокпуз.

- 6 балам бар, алардын ичинен төртөө уул болсо, экөө кыз. Уулумдун Сирияга кетип калганын билген эмесмин. Ал Түркияда иштеп, жубайы менен балдарын чакырган болчу. Көрсө алар ошондо эле Сирияга өтүп кетишиптир. Аларды Түркия Кыргызстанга өткөрүп берди. Былтыр январь айында сот болуп, уулум 15 жылга кесилди. Келиним 5 жылга үй камагына алынды.
Кара-Суу районунун дагы бир тургуну Муктаржандын уулу менен келини Сирияга барып келишкен. Алар кайтып келгенде уулу 15 жылга кесилип, келини 5 жылга үй камагына алынган.

"Йакын Инкар" агымынын 9 мүчөсү соттолду

Өздөрүн "пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз" деген "Йакын инкар" жамаатынын мүчөлөрү алгач Ысык-Көл, Чүй облустарында, кийин Нарында пайда болгон. Соңку учурда бул топтун өкүлдөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында даават кылышкан. 2017-жылы бул уюмга сот тыюу салган. Эми алар ишмердүүлүгүн кыла алышпайт, кылса соттолот.
Ош шаардык соту "Йакын инкар" диний-экстремисттик агымынын идеологиясын таратканы үчүн айыптап, 2017-жылдын 1-март күнү 9 жаранды үч жана төрт жылга күчөтүлгөн режимдеги абакка кести. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев 12-мартта "Азаттыкка" билдирди.
Жеңиш Ашырбаев:
"Йакын инкар" агымында экстремисттик максат жок, болгону туура эмес багытта деп айтылат

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматы боюнча учурда Кыргызстанда 19 тыю салынган диний уюмдар бар.
Алардан сырткары башка диндин 3 агымынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.
Бирок баптисттик агымдын ишмердүүлүгүнө чек коюлбаган.
Инфографика
Кыргызстандагы тыю салынган уюмдар
Даярдаган: Арген Нуров
Made on
Tilda