Сары-Челек көлү
Сары Челек көлү Бишкектен 500 км, Оштон 300 км аралыкта, Сары Челек Биосфера Коругунда Ат Ойнок жана Чаткал тоо кыркаларынын кошулган жеринде деңиз деңгээлинен 1940 м бийиктикте жайгашкан. Көлдүн аянты 507 га, узундугу 7,5 км, тереңдиги 234 м жетет.
Тереңдиги боюнча Сары-Челек Кыргызстанда экинчи, ал эми Орто Азияда үчүнчү орунда турат. Көлдүн жээктери өтө тик жана салаңдаган аскалар, көйкөлгөн карагайлар менен курчалган. Курчаган капчыгайлардан ондогон тоо суусу көлгө куюлуп турат. Көлдун суу тепмпературасы жайкысын +19 °C, кышкысын +4 °C'тан 0 °C градуска чейин өзгөрүп турат.

Бул керемет жайдын кооздугунан ырахаттанууга кеминде бир күн аздык кылат. Корукка кирүү – акысыз. Жата турган, тамактанчу жай коруктун аймагында жок жана сууга түшүүгө да мүмкүн эмес. Кайыкта сүзүүгө болот. Тамак аш, жатакананы коруктан сырткары аймактардан табууга болот.
АРСЛАНБАБ ЖАҢГАК ТОКОЙУ

Табияттын уникалдуу туундусу Арсланбаб жемиштүү жаңгак токойлору Жалалабад шаарынан 50 км түндүктө, деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте жайгашкан.
Жалпысынан 608,5 миң гектар жерди ээлеген. Гүлдөгөн оазисте 130 ашуун бак-бадал түрү өсөт, бирок негизги өсүмдүк - жаңгак. Жаңгак дарагы жылына 200-400 кг жемиш берет. Жайы салкын Арстанбапты жаңгагы менен белгилүү.

Мында келген эс алуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Таза мейманканалар, тамак аштын түрүн жасап беришет.
Арстанбапты толук көрүп чыгуу үчүн 2, 3 күн жүрүшүңүз керек. Келген коноктор үчүн жергиликтүү тургундар ыңгайлуу шарттардын баарын түзгөн, турак жайларын , атайын унааларын ижарага берет. Бир түнгө бир кишилик орун тамагы менен орточо 500-800 сомдун тегереги.
САЙМАЛУУ ПАРКЫ

Саймалуу Таш мамлекеттик улуттук жаратылыш паркы Жалал Абад облусунун Тогуз Торо районунда 32050 гектар аянтта орун алган. Ал Жалалабад облусунун чыгыш жагында, Көгарт дарыясынын боюнда жайгашкан.
Саймалуу-Таш паркынын коругунун аймагында 16 сүт канаттуулардын 45 жана өсүмдүктөрдүн 1500 түрү катталган. Парктын маданий жана тарыхый баалуулугун ташка чегилген сүрөттөр түзөт. Негизги маалыматтарга караганда 90000ге жакын петроглиф камтыган Саймалуу-Таш Борбор Азиядагы эн ири петроглиф үймөгү болуп эсептелет. Тарыхый жайды бир күндө көрүп чыкканга жетишесиз.
ШАХ ФАЗИЛ КҮМБӨЗҮ
Шах Фазил күмбөзү Шах-Фазил мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинде орун алган. Бул комплекс Ала Бука районундагы Гүлистан айылында жайгашкан.
Күмбөздө Х-XII-кылымдарда өкүм сүргөн Караханийлер династиясынан Махмуд ибн- Насырдын сөөгү коюлган. Курулуш жонулган пирамида формасында, бышкан кыштан тургузулган, дубалынын бийиктиги 15,5 м. Имараттын ичи ганч менен оймо-чиймеленип кооздолгон.
Баткен облусу

КАРАВШИН КАПЧЫГАЙЫ

Каравшин капчыгайы Түркстан кырка тоосу тармагында жайгашкан.
Корум таштуу жана жылаңач аскалуу тоолору, таштан-ташка урунуп аккан суулары, мөлтүрөгөн таза булактары, шалбаалуу талаалары менен Түштүк Америка талааларын элестет. Экстремалдуу эс алуучулардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон бул капчыгай «Азия Патагониясы» деген ат менен да белгилүү.
САРКЕНТ ПАРКЫ

Саркент Мамлекеттик Жаратылыш Паркы Баткен облусунун Лейлек районунда орун алган. 40000 га аянтты ээлейт.
Бул парк жаратылыш комплекстеринин биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо максатында түзүлгөн. Саркентти Кызыл Китепке киргизилген жаныбар түрлөрү мекендейт: күрөң аюу, илбирс, сүлөөсүн, бүркүт, ителги, кумай. Бул жердин табиятына арча токойлору мүнөздүү. Аймакта беш көл бар.
АЙГҮЛ ТАШ TООСУ

Айгүл Таш тоосу Кара Булак айылына кире бериште жайгашкан. Бул таштак тоонун тескей тарабында бийиктиги 1 метрге чейин жеткен, желекчелери сары кызыл түстүү, коңгуроону элестеткен ажайып кооз Айгүл өсөт. Апрель айынын орто ченинде гүл ачат да бир ай ичинде кайра гүлүн таштайт
Дүйнөнүн башка эч бир жеринде болбогон бул сейрек кездешүүчү ажайып гүл Кызыл китепке киргизилген.
КЫРГЫЗ-АТА УЛУТТУК ПАРКЫ

"Кыргыз Ата" Улуттук Паркы Ош шаарынан 40 км аралыкта жайгашкан. Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы арча токойлорунун жакшы сакталган орто бийик тоолуу аймакты өзүнө камтыйт.
Аянты 11172 гектар. Парк Памир-Алай тоо системасына мүнөздүү өсүмдүктөр жана жаныбарларды коргоо максаты менен уюштурулган. "Кыргыз Ата" паркында активдүү эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттардын баары түзүлгөн.
СУЛАЙМАН ТОО

Ош шаарынын борборунан орун алган Сулайман Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
Бул тоо байыртан эле касиеттүү, ыйык, таазим этүүчү жай болуп эсептелинген. Бул жагдайга сакталып калган петроглифтер да күбөлүк кылат. Боорунда жана чокусунда ар башка доорго таандык тарыхый эстеликтери менен Сулайман Тоо бир бүтүн тарыхый- археологиялык комплексти түзот. Бул комплекс бир нече үңкүр, Тахт-и Сулайман мечити, Рават Абдуллахан мечити, Асаф ибн-Бурхия күмбөзү, тарых музейи жана башка объекттерди камтыйт. Ар бир объект уламыштарга жана кызыктуу маалыматтарга оролгон уникалдуу ритуалдык жерге айланган.
ӨЗГӨН МУНАРАСЫ

Мунара XII кылымда Караханийлер династиясынын борборуна айланган Өзгөн шаарында жайгашкан
XI-XII кылымдарга таандык Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплексинин ичинде орун алган мунаранын алгачкы бийиктиги 44 метрге жеткен. Бирок убакыттын өтүшү менен чөгүп, урап отуруп, азыркы бийиктиги 27,5 м түзөт. Кыштан курулган мунара түрдүү оюм-чийим менен кооздолгон. Мунара сырттан келаткан душмандарды байкоо иретинде атайын кароол мунара катары курулган жана азан айтып элди намазга чакыруу максатында тургузулган.
АЛАЙ ӨРӨӨНҮ

Бийик тоолуу Алай өрөөнү Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Алай жана түштүтүнөн Чоң Алай кырка тоолору менен чектешет.
Деңиз денгээлинен орточо бийиктиги 3000 м, эң бийик жери чыгышында 3536 м (Тоо Мурун ашуусу), эң жапыз жери батышында 2440 м (Катта Карамык). Аянты 8,4 миң км 2 , узундугу 174 км, туурасы 3-40 км. Кургак жана суук климатка карабастан өрөөн шалбаалар жана жайыттарга бай. Алай районуна төрт мезгилде тең эс алуу үчүн ыңгайлашкан жерлерге бай.
АБШЫР АТА ШАРКЫРАТМАСЫ

Ош шаарынан 70 км аралыкта, деңиз денгээлинен 1500-2500 м бийиктикте жайгашкан Абшыр Сай өрөөнүндө табышмактуу Абшыр Ата шаркыратмасы орун алган.
Шаркыратмага жетиш үчүн капчыгайдагы дарыянын бою менен болжолдуу 3 км басыш керек. Шаркыратма 35 метр тик асканын боорунан жерден 12-15 м бийиктиктен суурулуп агып түшөт. Минералдык туздарды камтыган суу шыпалуу деп эсептелет.
Бул жаратылышы кооз Кыргызстандын бир гана бөлүгү. Эгерде жайкы эмгек өргүүдө бул жайларды көрүп чыксаңыз кереметине суктанасыз. Толук жетишпей калсаңыз кабатырланбаңыз, бул кайра экинчи жолу барууга жакшы шылтоо болот.

Булак: КРдин Туризм департаменти, www.discoverkyrgyzstan.org.
Made on
Tilda