ош: Диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тарткандар көбөйүүдө
Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунда эмдөөдөн баш тарткандар көбүрөөк
Алля Анаров айылындагы Кадырбек Ташматов балдарын жана неберелерин эмдетүүдөн баш тарткан. Буга өлкөдөгү вакциналардын көзөмөлгө алынбай турганын себеп келтирет.
Телевидениеден көргөнүбүздө, тартышканда жана иликтешкенде биздикилердин текшерүүгө аппараты да жок экен. Текшере да алышпайт экен биздин Кыргызстанда. Ошондон улам бала-чака, небере-чебере биздин келечек муун да. Ошон үчүн биздин балдарыбызга терс таасирин тийгизбесин деп неберелериме, балдарыма да алдырткан эмесмин. Себеби жат нерсе, эмнеден даярдаганын айтышпайт.
Кадырбек Ташматов
Араван районунун тургуну
Дилбар Хашимжан кызы мектептер боюнча медайым болуп эмгектенет. Анын милдети мектеп окуучуларын эмдөөгө алып келүү. Медайымдын айтымында, көбүнчө диний көз караштагы адамдар балдарын эмдетишпейт.
11 жашта анан 16 жашта окуучуларды эмдөөгө алып келем. Бул боюнча жетекчим тапшырма берет. Бир, эки күн мурун окуучуларга эмдөөгө келесиңер деп эскертүү берем. Эмнеге экенин түшүндүрөм. Ата-энеңерден сурап келгиле дейм. Көбүнчө оронгон кыздар албайбыз деп баш тартышат. Алардын өздөрүнө баш тартуу боюнча кат жаздырып келем.)
Дилбар Хашимжан кызы
мектептер боюнча медайым
Ош облусуна караштуу Араван районунда диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тарткандар көбөйдү. Өткөн жылы аймакта 374 адам эмдөөдөн баш тартса, быйылкы 2018-жылдын 1-кварталында эле баш тарткан 217 учур катталды.
Бул баш тарткандар ар кандай диний көз караштардан улам, түшүнбөстүктөрдүн негизинде болот. Баланын ата-энелери, туугандары баш тартуу боюнча кат жазып беришет. Бул мыйзам боюнча көрсөтүлүп кеткен. Кыргыз Республикасынын иммунопрофилактика боюнча мыйзам бар. Ал мыйзамдын 5-статьясында, подпунктунда ошол жаран баш тарса болот деген жери бар. Ошодон улам.
Чолпонбай Мурзубраимов
Араван санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери
Бул багытта райондогу санитардык-эпидемиялогиялык борбор жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору түшүндүрүү иштерин алып барышууда. Дарыгердин айтымында, бала төрөлгөндөн баштап эле ымыркайдын ата-энеси эмдөөдөн баш тартышып, бул боюнча кат да жазып калтырып кетишет.
Мечит, медреселерге чейин барабыз. Барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, колдон келишинче имамдар да түшүндүрүп, алар да жумуш аткаргандай болот, бирок муну дээрлик толук бойдон жое албайтабыз. Жанагы баш тартуу катын жазышып, баш тартып коюшууда
Чолпонбай Мурзубраимов
Араван санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери
Анын себептери түрдүүчө. Бири интернеттен же башкалардан терс жактары тууралуу угушса, экинчиси вакцинанын курамы тууралуу ар кандай күмөнү бар. Ошентсе да ак халатчандар түшүндүрүү иштерин улантып келишшет.
Акыркы учурларда кээ бир ата-энелер кайра эмдетебиз деген учурлар да кездешип жатат. Анан кээ бир ата-энелер вакцинанын курамында чочконун майы да болот экен, бул Ислам динине каршы келет экен деп диний адамдар баш тартышууда
Салима Мамажанова
Араван райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары
Ош облусу боюнча Кара-Суу жана Араван райондорунда башка аймактарга караганда эмдөөдөн баш тарткандар көбүрөөк. Ага бир канча себептер болсо, Араван районунда дээрлик 100 пайызы диний көз караштан улам баш тартышкан.
Мен муну жеке өзүм да изилдеп көрдүм. Акыры баш тарткан адам менен сүйлөшсөм, мага сүйлөбөйт. Эмне себептен баш тартасыз десем мага жооп бербейт. "Тим эле коюңчу, эми не кыласыз" дегендей кылып койду. Менимче өздөрүнчө бир сүйлөшүшөбү, же диний көз карашта булардыкы мага туңгуюк да маселеси.
Чолпонбай Мурзубраимов
Араван санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери
Кыргызстанда диний көз караштан улам эмделбеген балдардын саны 1200гө жетти

Көбүнчө медициналык эмдөөдөөгө каршы болгондордун катарын диний көз караштан улам баш тарткандар түзөт. Анда бир ислам дининин өкүлү эмес, башка диндин өкүлдөрү да катталган. Аларды ваксинанын курамы кооптондурган.

Бул адамдын өзүнүн эрки. Демократиялык мамлекетте жашаганга байланыштуу ар бир ата-эне өзү жоопкер. Буга муфтияттын же казыяттын лабороториялык жактан изилдөө жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүгү жок. Айта кете турган болсок дин жаатында деп көп маалыматтарда айтылып жүрөт. Бул нерседе дин кызматкерлери тарабынан мечиттерде эл чогулган жерлерде эмдөөнү алгыла же албагыла деп пропаганда болгон эмес. А бирок сакал коюп, намаз окугандардын баары эле молдолор деп эле, имамдар деп түшүнүп жатат. Имамдар мисалы аны алгыла же албагыла деп айтылган эмес. Ал адамдардын өзүнө гана таштала турган маселе.
Нурбек Орунбеков
Ош облусунун казысынын орун басары
Баш тарткандардын басымдуусу диний негизде болгону менен анын башка себептери да бар. Мисалга, вакцинага, дарыгерлерге ишенбегендер да бар. Дарыгерлер-иммунологдун пикиринде бул боюнча учурда жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда кус кабинеттер иштейт. Бул жерде эмдөөдөн баш тарткандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө иш аракеттер түзүлөт. Мисалы биз жылына сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Лекцияларды окуйбуз. Кара-Суу шаарынын базарына барып лекцияларды радиодон окуп беребиз. Үймө-үй барып эмдөөнүн пайдасы зыяны боюнча эл менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз.
Замира Султаналиева
Саламатыкты сактоо министрлигинин өкүлү, дарыгер-иммунолог Замира
Эмдөөгө каршы болгон жарандардын арасында ар түрдүү көз караштагы адамдар бар. Алардын бири Ош шаарынын тургуну Искендер Субанкулов. Буга чейин ал эки жогорку жайды аяктаган жана аны ойлондурган маселе - бул вакцинанын курамы.
Эмдөөгө каршы жасалган дарыларды бизде пайда же зыянын текшере алышпайт. Союз учурунда аябай чоң механизм бар эле. Лабораториялар, экспертизалар бар эле. Биздин Саламаттыкты сактоо министирлигинин лабораториялары кабылат же кабылбайт деген эле мүмкүнчүлүгү бар. Мисал катары жеке өзүм Союз учурунда бардык эмдөөлөрдү алганмын. Бирок ошого карабай эки жолу гепатит болуп оругамын. Турмушта эле менин досум баласын эмдетип бир буту жакшы өспөй калган. Бир бөлөмдүн баласы колуна эмдөө алып колу өспөй калган. Бул менин айланамда болгон мисалдар. Мындай мисалдар көп. Биздин мамлекетке келип жаткан эмдөөлөр көбүнчө насыяга келет. Медиктерге милдеттүү түрдө алдыргыла дейт. Ал жагында кандайдыр бир финансы мүмкүнчүлүгү бар деп ойлойм.
Искендер Субанкулов
эмдөөгө каршы болгон жаран
Ош облусундагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлү Булбул Уметованын белгилешинче, Кыргызстанга келген ар бир вакцина бүткүл дүйнөлү саламаттыкты сактоо уюму тарабынан атайын лаборатория, лицензиядан өткөрүлүп келет. Ошондуктан анын балага эч кандай зыяны жоктугун билдирет.
Бул текшерилбейт деген биздин өлкөдө эле эмес, коңшу өлкөлөрдө, Орусияда деле мындай лаборатория жок жана бир эле лабороториядан текшерилип өтөт. Анан эмдөөдөн кооптуу нерселер болду деген туура эмес. Ушул келип жаткан вакциналар атайын муздаткычтарда сакталат. 2015-жылы кызамык ооруусу өлкө боюнча катталып, аны жуктургандар мурун эмдөөдөн өтпөй калгандар, баш тарткандар болду. Анан эл ичинде талкуу болуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин албай жаткан ата-энелер кайрадан эмдөөдөн өтүштү.
Вакцинанын курамында тирүүлөй жана өлтүрүлгөн вирустар бар. Химиялык элементтер бар. Мунун балага эч кандай зыяны жок.

Булбул Уметова
Ош облусундагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлү
ВАКЦИНАЛАРДЫН 4 ТҮРҮ БАР:

  1. Тирүү вакциналар – өзүнө алсыздандырылган тирүү микроорганизмдерди (микробдор) камтыйт.
  2. Өлтүрүлгөн (инактивированные) вакциналар. Булар өзүнө өлтүрүлгөн бүтүн микроорганизмди же клеткалардын кабыкчаларынын компоненттерин же оору козгогучтун башка бөлүктөрүн камтыйт.
  3. Тазаланган антигендер. Булар гендик инженердик ыкма менен алынгандар.
  4. Анатоксиндер – бактериялар иштеп чыгарган уулар (өлтүрүлгөн)
Баланын дене табы, ден соолугу текшерилип анан эмдөөгө уруксат берилет. Эмделгенден кийин, организмде өзгөрүүлөр болуп, реакция жүрүп, оорууга каршы имунитет пайда болот. Ийне сайылган жерде кызаруу болот, дене табы көтөрүлүп, ал бир, эки күндө өтүп кетет.
Бала эмдөөнү алгандан кийин үч күнгө чейин дарыгердин көзөмөлүндө болот. Медайым бир күндө бир жолу сөзсүз үйүнө барып, дене табын өлчөп анын эмне болуп жатканын карап байкап турат. Мисалы азыр ажылыка барганда да эмдөөдөн өтүп кетип жатышат. Диний көз карашта каршы болдум дегендерге да каршымын. Интернет булактарында туура эмес маалымат кеткендиги үчүн ушундай болуп жатат.
Замира Султаналиева
Саламатыкты сактоо министрлигинин өкүлү, дарыгер-иммунолог
Эмдөөгө каршы болгон жаран Искендер Субанкуловдун айтымында, кээ бир ак халатчандар түщүндүрүү иштерин жетиштүү деңгээлде жүргүзүүнүн ордуна коркутуу жолуна өтүп алышкан. Муну менен алар жарандардын укугун бузууда.
Медицина тармагында иштегендер коркута берет, дарыгерлерге мен вакцина алдырбайм, менини укугум деп айтсаң, анда эртең балаңды бала-бакчага, мектепке албайт. Справка бербейбиз деп коркута беришет. Бизде түшүндүрүү жолу менен эмес коркутуу жолуна өтүп алышкан.
Искендер Субанкулов
эмдөөгө каршы болгон жаран
Илгертеден балдарды жугуштуу оорулардан сактоо максатында эмдөөлөр жүргүзүлүп келет. Бирок эмдетүү балдарды ооруларга чалдыктырат деп вакциналардын курамына шектүү карап баш тарткандар да, эмдетүү керек дегендер да бар. Акыркы күндөрү балдарын эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер көбөйүп баратат.

  • 2017-жылы Кыргызстанда 150 814 бала туулган. Алардын 143 273ү эмдөөлөрдү алган.
  • 2017-жылы 7905 ата-эне баласын эмдетүүдөн баш тартышкан (булардын 68 пайызы диний көз караштардан, 19,8 пайызы вакциналардын коопсуз экендигине ишеним артпагандар, калгандары түрдүү себептерден улам баш тарткандар).
  • АКШда 16, Германияда 14, Орусия, Англияда 12, Кыргызстанда 11 жугуштуу ооруга (инфекция) каршы вакцина сайылат.
Казакстанда жашы жете элек балдарды эмдетүүдөн баш тарткандарга карата айыппул салуу каралган. Ага караганда, эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелерге 680 АКШ доллар айыппул салынышы мүмкүн болгон. Бул боюнча Дин жана жарандык коом иштери боюнча министрлик дин иштери боюнча мыйзам долбоорунда бекитүүнү да сунуштаган. Анткени аталган министрликтин маалыматына караганда, Казакстанда диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тарткандар негизги көйгөйгө айланууда. 2016-жылы гана 9,5 миң ата-эне эмдөөдөн баш тарткан. Алардын жарымы диний көз караштан улам баш тартышкан.
Аталган мыйзам долбоору депутаттар тарабынан колдоо таппаган соң өлкөдө баш тарткандарга карата башкача ыкмалар иштелип чыккан. Мисалы, 2018-жылдан тартып облустарда жугуштуу жана жугушсуз илдеттерди профилактикалоо боюнча координациялык кеңеш иш алып барат.
Мындан сырткары, 2018-жылдын 1-январынан тартып Казакстанда жарандардын суроолоруна жооп берип туруу үчүн "Түз байланыш" кызматы иштей баштады. Анда атайын иммунолог жана дарыгер-эпидемиологдор жарандардын түрдүү суроолоруна күнү-түнү жооп берип турушат.
Кыргызстанда иммунизация боюнча туруктуу система бар. Андагы көрсөткүчтөр боюнча калктын 90 пайыздан ашууну эмдөөнүн негизги түрлөрүн алышкан.
Иммунизация боюнча жалпы республикалык көрсөткүч жогору болгону менен ички жана тышкы миграциянын айынан өлкөнүн бардык аймактарында профилактикалык эмдөөдөн баш тарткандар байкалууда.
Эмдөөдөн баш тарткандардын көбөйүшү жана 5 жашка чейинки балдарды эмдөө көрсөткүчү төмөндөгөнүнө байланыштуу калктын эмдөөгө болгон ишеничин өстүрүүгө Саламаттык сактоо министрлиги ЮНИСЕФтин колдоосу астында "Саламаттык сактоо системасын күчтөндүрүү" долбоорун ишке ашыра баштады.
Мындай максатка жетүү үчүн аталган министрлик калкты 2018-2021 жылдарга карата эмдөө боюнча Улуттук байланыш стратегиясын иштеп чыга баштады.

Made on
Tilda