Медреселерге светтик сабактарды киргизүү зарылбы?
Кыргызстан светтик мамлекет болгону менен калктын 80% мусулмандар түзөт. Ошондуктан эл ичинде исламдык билим алууга кызыгуу күч.
Кыргызстан светтик мамлекет болгону менен калктын 80% мусулмандар түзөт. Ошондуктан эл ичинде Ислам баалуулуктары багытында билим алууга кызыгуу күч. Ал эми Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин, 1991-жылы кабыл алынган "КРда диний ишенимдин жана диний уюмдардын эркиндиги жөнүндө" мыйзам бардык диндердин, биринчи кезекте исламдын жанданышына кеңири жол ачты. Жыйынтыгында диний билим берүү мекемелери Кыргызстандын ар кайсы аймактарында башаламан ачыла баштаган. Бирок Кыргызстанда диний билим берүү мекемелердин ишин бирдей стандартка салып, иретке келтирүү үчүн мыйзам же концепция кабыл алынган эмес. Ошентип, 25 жылдык эгемендик доорунда Кыргызстанда лицензиясы, бирдиктүү окуу программасы жок окуу жайлар жайнап чыга келди, -дейт эксперттер.
Диний жана светтик билимди айкалыштыруу керек
Кыргызстанда 114 диний билим берүү мекемеси бар
1
университет
8
институт
92
медресе
Республикадагы медреселердин 92си дин иштери боюнча комиссиянын каттоосунан өткөн болсо, учурда анын 78 гана иштеп жатат. Мына ошол иш жүргүзүп келе жаткан диний окуу жайлардын окутуу программасын ким түзөт?
Өлкөдөгү медреселердин окутуу программалары ким тарабынан бекитилет?



Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы жана аалымдар кеңеши тарабынан ошол медреселердеги берилүүчү сабактардын программалары иштелип, бекитилип берилет. Берилгенден кийин медреселердин өзүнүн категориялары бар. Алар: эки жылдык, үч жылдык жана төрт жылдык болот. Ошо категорияларга жараша өздөрүнүн сааттары бөлүнгөн.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы медреселер кандай категорияларга бөлүнөт?
Муну Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы аныктайт жана аларда өз-өзүнчө окуу программалары бар.
башталгыч
Башталгыч медреселерде эки жыл динден түшүнүк алышат.
орто
Орто медреседе балдар үч жыл билим алышат.
жогорку
Жогоркуда төрт жыл окуп, аягында балдар исламдын маңызын терең өздөштүргөн аалым болуп чыгышат.
КМБДнын астында Аалымдар кеңеши бардык медреселерге бирдиктүү окуу программасын иштеп чыгып, ал программа Муфтият тарабынан бекитилет.
Программа боюнча сабактар:
1
Куран окуу
2
хадис сабактары
3
акыйда (ишенүү, ишеним)
4
шарияттын мыйзамдарынын негиздери
5
курандын негизги окуусу
6
хадисти түшүнүүнүн негиздери, куран тууралуу илим
Эмне үчүн бүгүнкү күндө гуманитардык сабактар медреселерде окутулбайт?

Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек Орунбаевдин айтымында, мамлекет медреселерди карамагына албай лицензия бербегенден кийин анын финансы жактары, медресенин жетекчисинин мойнунда калууда.
Гуманитардык сабактардан бере турган адистердин маянасы жогору он миңден ары болгондуктан, аны төлөп берүү үчүн бизде каражат жетишсиз.Ошол себептен көпчүлүк медреселерде мугалимдин айлык акысын толөп бере албай ошол сабактар окутулбай калат. Ал эми диний сабактарды айрымдар соопчулук үчүн деле окуучуларга бекер өтө берет. Бирок биз муну менен чектелбестен паралелдүү чечүүчү жактарын издеп жатабыз. Мисалы: өзүбүздүн балдардан окутуп кайра ишке тартуу маселелери каралып жатат. Кудай буйруса аз жылдардын ичинде чечилип калат деп ишенебиз.

Нурбек Орунбаев
Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары
Бир кылым мурдагы медреселер жана андагы окутуу программалары:
Ош шаарындагы Алымбек Датка медресеси ХIХ кылым
Архивдик документтерге ылайык медресе ХIХ кылым 50-жылдарынын аягында Ош шаарынын Ак-БУура дарыясынын оң жээгиндеги, базардын тушунда жайгашкан. Ал бышык кыш менен салынып, 28 сабак окуучу бөлмөсү болгон.


Учурдагы жана бир кылым мурунку медреселердин окутуу программасындагы айырмачылыктар:
Дагы бир маселе Билим берүү мыйзамынын 40-беренесинин негизинде ар бир билим берүү тармагын иштеткен уюмдар, мекемелер сөзсүз түрдө лицензия алышы керек. Экинчи маселе ошону албай жаткандыгы, балким ошол талапка туура келбеши мүмкүн . Медреселердин бардыгынын базалары жетишсиз. Ачык айта турган болсом бүгүнкү күндө медреселерде бир тараптан диний адабият менен камсыз кылуу маселеси бар. Мисалы үчүн медреселерде китепканалар уюштурулган эмес, көпчүлүгүндө класстардын стандарттары туура келбестир. Мисалы: жарыктандыруу маселеси. Бул жерде толтура маселе бар.

Бөрүмухаммед Эсенов
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүктөгү өкүлү
Медреселерге лицензия алуу кыйынбы?

Лицензия берүү - бул билим берүү мекемелерине бир чоң мүмкүнчүлүктү жаратууда, документ ал. Ошондуктан муну өтө кылдаттык менен карайт дагы биздин министирлик лицензия берүүнүн бүт жол жоболорун иштеп чыккан. Министирликтин алдында "Билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгы" иштейт. Атайын ушул иш менен шугурланган бир нече адис бар. Лицензия берүүнүн өзүнүн талаптары болот. Ошол талаптардын баардыгы толук аткарылган билим берүү мекемесине лицензия берилет.
Мен ойлойм балким ушул диний мекемелерибиз азыркы медреселерибиз, ислам институту, ислам университети эми ислам университети азыр алыптыр лицензия демек ошол талаптарга жооп бергендиги үчүн ага лицензия берсе керек министирлик. Калгандарында ошол талаптар бүгүнкү күндө аткарылбай келе жаткандыр, -дейт Билим берүү министирлигинин өкүлү Асан Артыкбаев
Нурбек Орунбаев
Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары


Ал эми Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек Орунбаев айтымында: Кыргызстанда мусулмандар эгемендүүлүк алганга чейин үй-үйлөрдө бекинип диний билимди окуп келишсе, бүгүнкү күндө медреселер ачылып толук кандуу илим алууга шарттар түзулүп, эми гана лицензия алуу этабына келип калдык, -дейт.
Ошондой эле бүгүнкү күндө жогорку окуу жайды бүткөн жаштар гана диплом ала алышат. Бирок медреседе окугандар үчүн бул мүмкүнчүлүк бир аз кыйыныраак. Эске сала кетчү нерсе азыркы эгемендүү Кыргызстандын түптөлүшүнө салым кошкон Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов сыяктуу инсан медреседе окушкан, бирок алар диний билим менен кошо светтик билимди да алышыптыр. Алган билиминин артынан мекенибиздин алдыңкы инсандары боло алышты. Эмне үчүн бүгүнкү светтик коомдо айрым медреселерде гуманитардык сабактар окутулбай жаткандыгы тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүктөгү өкүлү Бөрүмухаммед Эсенов жооп берди.
Ошондой эле өлкөбүздө диний окуу жайларды бүтүргөн көпчүлүк жаштар окуусун жогорку окуу жайда улантышпайт. Алар ошол эле медресе, мечиттерде иштеп калышат.
Абдужамал Зулпукаров
Оштогу Абдужапар ислам институтунун студенти
Диний окуу жайда окуганыма төрт жыл болду. Бул мезгил аралыгында куран жаттап хадистердин маанилерин чечмелөөнү үйрөнд үм. Окуу жайды бүтсөм ушул эле жерде калып мугалимчилик кылууну максат кылам. Ислам институтун акыретке пайдалуу болушу үчүн тандап. Биз бул жерди бүткөндөн кийин диплом берилет. Андан кийин деле биз жогорку окуу жайларга кирсек болот.
Абдулхаким Султанбеков
Оштогу Абдужапар ислам институтунун студенти
Мен медресеге тогузунчу классты бүтүп окугамын. Андан кийин ошого кошуп эле он биринчи класстын аттестатын сырттан окуп алдым. Ислам багытын тандаганымын себеби өзүм кичинекейимен кызыгууда болгом. Ата энем да ага жардам берди. Бул ислам дининде адеп ахлак эн жакшы кенен .Ошол себептен эки дүйнө бактысы болгон үчүн биз ушул жакты тандап алдык.
Медреселердин шарттары кандай?
"Манас" айылындагы мечиттеги медресе
"Биринчи кадам" медресеси
"АБДУЛЛА БИН АББАС" МЕДРЕСЕСИ
Бишкектин четиндеги "Манас" айылындагы мечиттин короосунда жайгашкан медресени атайын издеп бардык. Социалдык түйүндөрдөн "медреседеги балдарга жардам керек" деп төмөндөгү жарыяны окуган элек. Медреседеги шарттын жоктугу, санитардык абалдын начардыгы зээнди кейитти. Бул сүрөт Фейсбукка 2017-жылы февраль айында жарыяланды "Манас" айылындагы мечиттин короосунда ылай менен салынган эки бөлмө жер тамды медресе кылып алышкан экен. Киргенде эле бурчта отурган он чакты баланы көрдүк, арасында 6-7 жаштагы жеткинчектер да отурат. Бизди өзүн медресенин окутуучусумун деп тааныштырган Салимбек Байматов деген 30 жаштардагы жигит тосуп алды. "Мен өзүм Бишкектин Жибек-Жолу - Күрөӊкеев көчөлөрүнүн кесилишиндеги медреседе окугам, бул жерде иштегениме эки жыл болуп калды. Биздин медреседе 17 бала окуйт. Азыр каникул болгондуктан, балдардын жарымы үйлөрүнө кеткен", - деп жооп берди ал. Медреседе 6 жаштан 21 жашка чейинки балдар окуйт, дээрлик баары Тажикстандын Жерге-Тал районунан көчүп келген кыргыздардын балдары же туугандары экен. Баары ошол жерде жатып окушат. Медресе деп аталган эки бөлмө жалпак там ным тартып, киргенде эле мурунга жагымсыз жыт урат. Балдардын жаткан бөлмөсү, төшөнчүлөрү эски жана кир. Салимбек Байматовдун айтымында, медресенин демөөрчүлөрү жок. Мечитке кээде нан, чай, картошка алып келген адамдар барын айтты. Балдарды окутканга да, тарбиялаганга да эч кандай шарттын жоктугуна күбө болдук. Учурда медресенин ашпозчусунун айлыгын төлөгөнгө 8 миң таппай турган кези. Эң башкысы, бул медресе Муфтияттан каттоодон өткөн эмес. Эми гана документтерди даярдап жатканын айтышты.
Бишкектеги "Биринчи кадам" деп аталган медресе балдарга диний билим бергени менен өздөрүн "Биринчи кадам кайрымдуулук мекемеси" деп аташат. Жакында эле Свердлов райондук акимияты уюштурган текшерүүдө шарты жана окуу программасы талапка жооп бербейт, уруксаты жок деп табылган. Имараты Бишкектин чок ортосунда жайгашкан. Союз убагында тигүү фабрикасынын жумушчуларынын жатаканасы болгону эске түштү, ал эски имаратты баштан-аяк ремонттоп чыкканы көрүнүп турат. Полу текши килем, бут кийимиңди босогодон эле чечип киресиң. Залга кызыл килем төшөлүп, окуу класстарда, дааратканада бардык шарттар түзүлгөн. "Биринчи кадам" кайрымдуулук мекемесинин мүдүрү Нематулла Набиев: "Биз медресе эмеспиз, туура эмес түшүнүп атышат. Биз кайрымдуулук мекемебиз, жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө окутабыз", - деп билдирди. - Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссия менен Муфтияттан да кайрымдуулук мекемеси катары катталганбыз. Биздин багытыбыз кайрымдуулук жаатында болгондугуна байланыштуу, диний жөрөлгөлөрдү, иштерди уюштурабыз". Ошол эле учурда ыйман, адеп, дин боюнча 70ке жакын студент окуп атыптыр. Сабактар кечкисин болот. Бекер тамак берилет. Каалоочулар жатып окуйт. Үйүнөн барып-келип окугандар да бар. "Ыйман сабагы эле курс катары киргизилген. Негизинен адептерди үйрөнүшөт. Адеп, ыйман сыяктуу касиеттер ислам дининде болгондуктан, Курандын тиешелүү хадистерин үйрөнүшөт. Курсту бүткөн соң "Ыйман сабагын окуду" деген сертификат берүүгө укугубуз бар", - деп жооп берди. Окуунун чектелген мөөнөтү жок, ыйман жана адепти үйрөнүп бүткөн бала окуу жайды 25 аяктап кете берет экен. "Биз түздөн-түз медресенин функциясын аткарбайбыз жана орто мектепти аяктап, жогорку окуу жайларында билим алып жаткан светтик жетиштүү билими бар өспүрүмдөргө гана ыйман, адеп багытында билим беребиз. Ал эми бул адамзаттын ыйык сапаттары динде, өзгөчө ислам дининде болгондуктан, Курандын ыйман, адепке гана тиешелүү хадистерин окутуп үйрөтөбүз", - дейт Набиев. Свердлов райондук акимияты уюштурган текшерүүдө беш медресе жабылсын деп табылган. Ал талапка жооп бербеген медреселердин ичинде "Биринчи кадам" да бар. Бирок бул мекеме жабылбай эле иштеп жатканына күбө болдук.
Бишкектеги бул медресе шарты жакшы медреселер катарына кирет. 2001-жылы ачылган жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланып келаткан бул медреседе учурда 85 бала окуйт. Үч окуу аудиториясы, бир компьютердик классы, үч жатаканасы, китепкана жана чарбалык имараттары бар. Бул медреседе жети мугалим жана эки тарбиячы эмгектенет. Балдар медреседе жатып окуйт, үч маал бекер тамак ичишет. "Эмгек жамаатына маянаны "Ихсан Хайрия" коомдук кайрымдуулук фонду бөлүп турат. Ата-энелер да жардам берет", - деди устаз Асылбек Таштемиров. Бул медреседе окууну бүткөн балдар шарият илимдери жана каарылык боюнча дин тармагындагы мударис жана Имам Хатиб адистигине ээ болот. "Эгер бала чыдап окуусун аяктаса, Ыйык Куранды толук которуп хафиз, кыргызча айтканда, каары болуп чыгат. Бизде эң негизгиси - Куран жаттоо. Андан сырткары, араб тили, Курандын тафсири, хадис, сиро, акыйда, фикх сабактары берилет. 3-курстан баштап хитаб кылуу, б.а. оратордук чеберчилик өтүлө баштайт. Мындан сырткары, компьютердик сабатка өзгөчө көңүл бурулат", - дейт Асылбек Таштемиров. Ал эми светтик сабактарды да окутуу маселеси тууралуу "айылдын мектеби менен келишим түзүлүп, мугалимдер медресеге келип окутуп жатышат" деп ишендирди
Булак: bulaninstitute.org
Ошондой эле балдардын билим алуусундагы ата-энелердин милдети жана жоопкерчилиги...
Медресеге 9-классты бүткөн гана бала кабыл алынышы керек.
Билим берүү тууралуу мыйзамдын 16- беренесинде да ар бир бала милдеттүү түрдө жалпы орто билим алышы керектиги айтылган. Бул деген ар бир бала милдеттүү түрдө 9-класска чейин мектепте окушу керек деген сөз. Башталгыч билим жана жалпы орто билим бекер берилет, мамлекет ар бир бала мектепте билим алышы үчүн шарт түзгөнгө милдеттүү.
Билим берүү тууралуу мыйзамдын 27-беренесинде ата-эненин жоопкерчилиги да так көрсөтүлгөн. Ар бир ата-эне баласынын мектепте билим алышына, руханий жана физикалык жактан өнүгүшүнө шарт түзүүгө милдеттүү . Билим берүү тууралуу мыйзамы боюнча "Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) баланын жалпы негизги билим алышы боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жоопкерчилик тартат".

Эске сала кетсек диний билим берүүнү реформалоо концепциясын ишке ашырууга 2015-2020–жылдар үчүн республикалык бюджеттен 22 миллион сом бөлүү каралган.
Даярдаган:
Алмира Абидинова
E-mail:almirasimonka@gmail.com
Редактор: Ныяз Ташматов
Монтаж: Бактыяр Асилбек Уулу
Төмөнкү ссылкаларды басып, социалдык түйүндөрдөн бизге кошулуңуздар

Made on
Tilda