Ден соолук табылгыс байлык
Мирбек: "Ош шаарынын тургундарын сергек жашоого чакыруу милдетим"
Ош шаарынын тургуну Мирбек Маматкасым уулу бир жыл убакыттан бери чуркоону адатка айландырган. Каарманыбыз жөн гана жүгүрбөстөн атайын марафондорго катышып, өзүн сынап көрүүдө. Тактап айтканда, жакында Алматы шаарында өткөн дүйнөлүк күлүктөрдүн марафонуна катышып, 42 км.ден ашык узактыкка чуркап финишке жеткен. Бул мыктылардын арасында жүгүрүп, күчтүү кулүктөр менен тең келгени каарманыбызды дагы да шыктандырган.
Мыкты үч жүз күлүктүн катарына кирдим

22-апрелде Алматы шаарында өткөн дүйнөлүк марафонго Ош шаарынан 2 адам катыштык. Кыргызстан боюнча эки жүздөй адам барыптыр. Дээрлик баары түндүк тараптан. Марафонго болсо, 16 миң адам катышты. 3, 21, 42 км узактыкка жүгүрдүк. Мен 42 кмди ийгиликтүү басып өттүм. Ал эми уюштуруу жагы жогорку денгээлде болду. Калктын да маанайы жогору болуп, колдоп турушту. Биздин даярдыгыбыз да мыкты болгону үчүн максатыбызга жеттик.
Мирбек Маматкасым уулу
Ош шаарынын тургуну
Каарманыбыз бул марафонго катышкандан кийин башка өлкөлөрдө массалык чуркоого чоң көнүл бурулганын байкап, шаар калкын сергек жашоого, жүгүрүүгө чакырып, чоң команда түзүүнү максат кылган. Буга чейин Ош шарынын борбордук стадионунда кары-жаш дебей чуркоого социалдык тармактар аркылуу чакырып, кызыккандарды катарына кошууда.
Мирбек мырзанын массалык иш-чараларды уюштуруп, калкты сергек жашоого чакырганын себебин, өзүн мисалы кылуу менен айтып берди.
Бир жыл башта 38 жаш болгонума карабай, жашоого болгон көз карашым башкача эле. Чарчоо, нааразычылык мени коштоп жүрчү. Бир күнү ашыкча салмактан арылуу максатында чуркап баштадым. Убакыттын өтүшү менен баардык тараптан жакшы жака өзгөрө баштадым. 15 кг.га арыктадым. Манайым жогору болуп, ишке болгон жөндөмүм жогорулап, жаңы досторду таптым. Мурда достор менен чайканаларда аш жеп, ден соолугума гана эмес чөнтөгүмө да зыян алып келчүүмүн. Азыр баардык ишиме жетишип, чайканалардан, зыяндуу адаттардан арылып, жашоомдун жаңы барагы ачылды.
Мирбек Маматкасым уулу
Ош шаарынын тургуну
Нурлан Бөрүбаевда каарманыбыз менен чогуу жүгүрөт. Экөө буга чейин Бишкекте өткөн жөө күлүктөрдүн жарым марафонуна катышып, Алматыга да чогуу барышып, өздөрун сынап көрүшкөн. Масаалык чуркоо иштерин да чогуу уюштурууну максат кылышууда.
Бишкектеги жарым марафондо
Биз бир жыл аралыгында жарым, толук марафонго катыша баштадык. Эми башкаларды да катарыбызга кошсок дейбиз. Калктын ден соолугу баарынан маанилүү. Акырындык менен элди үйрөтөбүз. Бош убакытты социалдык тармактарда пайдасыз өткөрбөй, өзүбүзгө кам көрүшүбүз керек. Качан гана элдин ден соолугу, маанайы жогору болгондо өлкөдө өзгөрүү болот.
Нурлан Бөрүбаев
Ош шаарынын тургуну
Кыргызстанда массалык спортко дээрлик көнүл бурулбайт. Өз алдынча гана чуркашпаса, сергек жашоого чакыруу дээрлик жокко эссе. Даталуу күндөрү гана иш-чаралар өткөрүлүп келет. Ал эми медициналык жактан чуркоо, көп кыймылда болуу өмурдү узартып, көңүлдүү өмүр сүрүүгө шарт түзөт.
Photograph: lee Scott / Unsplash
«Күчтүү болгуң келсе — чурка, сулуу болгуң келсе — чурка, акылдуу болгуң келсе — чурка».
Греция элинин макалы
Психологдордун изилдөөлөрүнө таянсак, көп кыймылда болгон адамдар бактылуу өмур сүрүшөт. Чуркоо андан сырткары көптөгөн дарттардын алдын алып, ой жүгүртүүнү жакшыртат.
Кыргыз-швецар банкынын Оштогу филиалынын жетекчиси Адилбек Байтемиров да жумуштан кийин чуркап, жогорудагы күлүктөрдүн катарына кошулган. Май айында Ысык-Көлдө өтүүчү жарым марафонго даярданууда.
Мен да бул жигиттердин катарына кошулуп, жүгүрүп баштаганыма көп болду. Жакында 12-майда өтүп жаткан Ысык-Көлдөгү жарым марафонго катышам. Даярдыгым жакшы. Ошто элдер шарт жок дешип, жалкоолонушат. Бирок, бул шылтоо, биз Ак-Буураны бойлой, Сулайман Тоодо жана стадиондо чуркап эле кызыккандарды чогултуп жатабыз.
Адилбек Байтемиров
Ош шаарынын тургуну
Эми мындан ары Ош шаарынын элин күн сайын Сүйүнбаев атындагы стадиондо саат 18:00дөн баштап, жөө күлүктөр каалоочуларды күтүшөт. Ал эми жекшемби күнү эрте менен саат 7 де Сулайман-Тоону багыттап чуркоо болот. Андан сырткары жай айларында сууда сүзүү боюнча да иш-чараларды уюштурууну көздөшүүдө.
https://www.facebook.com/profile.php?id=1000094887...
Даярдаган: Каныкей Жороева
Made on
Tilda